• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмок шаардык милициясы окуучулар үчүн ашык эшик күнүн өткөрүштү

Аймак 0

Бишкек, 11.12.21. /Кабар/. Токмок шаардык милициясы окучуулар үчүн ашык эшик күнүн өткөрүштү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өсүп келе жаткан муунду патриоттуулукка үйрөтүү, жаштар жана жашы жете электер арасында кылмыштарды жана укук бузуулардын алдын алуу үчүн ведомстволор аралык өз ара мамилени бекемдөө максатында мектеп окучууларына жана ИИОдо каттоодо турган жашы жете электерге Токмок шаардык ишки иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери милиция кызматкерлеринин ишин жакындан тааныштыруу үчүн 10-декабрь күнү ачык эшик күнүн өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Токмок шаарынын ИИБдин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү тааныштырылып, тергөө кызматынын, ыкчам кызматтын жана коомдук коопсуздук кызматынын иши боюнча маалымат берилди. Окучууларга өзгөчө криминалисттик кызматтын ишмердүүлүгү кызыктырып, аларга манжа издерин алуу иштери көрсөтүлдү.

Андан сырткары курал түрүндөгү атайын техникалыр көрсөтүлүп, куралдарды чачуу жана жыйноо ыкмалары тааныштырылды.

Милиция кызматкерлери жашы жете электер тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алуу үчүн лекция окушту.

Иш-чаранын аягында окучуулар милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий