• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Турак үйлөр бир типтүү болот: Ош мэриясы уникалдуу долбоорду ишке ашырат

Аймак 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясы жарандар үчүн Кең-Сай конушундагы типтүү жеке турак үйлөрдүн курулушун каржылоо үчүн уникалдуу долбоорун баштайт.

Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул долбоор эл аралык донорлордун каржылык колдоосу менен ишке ашырылат. Үйлөрдү курууга насыялоонун пландаштырылган баасы 1 чарчы метрге 240 АКШ долларын түзөт.

Сунуш кылынган долбоор Ош шаарындагы Кең-Сай конушунун аймагындагы 3265 жер тилкесинде ишке ашыруу пландаштырылууда.

Жеке үйлөрдү куруу Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык ипотекалык ишканасы аркылуу жүзөгө ашырылат. Курулуш учурунда толук кандуу ыңгалуу шарттар эске алынат, жергиликтүү курулуш материалдар колдонулат, бардык экологиялык нормалар жана эсептелген Мамкурулуш стандарттары сакталат.

Пикир

Оставить комментарий