• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу борбору ачылат

Аймак 0

Бишкек, 16.03.18. /Кабар/. Бүгүн, 16-мартта Ош шаарынын вице-мэри Шакир Зулимов ЮНИСЕФтин балдарды коргоо боюнча программасынын координатору Елена Зайченко менен жолугушту. Анын алкагында балдарга толук кандуу үй-бүлө чөйрөсүн түзүү, үй- бүлөлүк зордук- зомбулукка жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын ата-энелери үчүн ар тараптан көмөк көрсөтүүчү ошондой эле, балдарды үй- бүлөдөн ажырап калуусун алдын алуу жана кабыл алуучу үй- бүлөлөрдү ( фостердик) түзүүгө даярдоо боюнча борбор ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, вице-мэр Шакир Зулимов Ош шаарынын социалдык өнүгүүсүнө ошондой эле тынчтыктын орноосуна багытталган программалар ЮНИСЕФ тарабынан байма бай жүргүзүлүп келе жатканына ыраазычылык билдирди.

Ал эми ЮНИСЕФтин балдарды коргоо боюнча программасынын координатору Елена Зайченко зордук-зомбулукту алды алуу багытында

көп функционалдуу борборду ачууга көмөк көрсөтүүнү суранып, эки тараптуу жүргүзүлгөн бул долбоор ишке ашып калса, балдарды жана ата-энелерди социалдык жактан коргоодогу бир топ маселелер комплекстүү ишке аша тургандыгын кошумчалады.

Маалымат иретинде айта кетсек, Ош шаарындагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү борборунда “Ата- энелер” каанасы ачылып, 2 жылдан бери кызмат көрсөтүп келет. Ал эми үй- бүлөлүк зордук- зомбулукка жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар үчүн 2017- жылы “Үмүт шооласы” аттуу балдардын убактылуу жайгаштыруу борбору жана “Мөл булак” күндүзгү борбору ачылып, балдарды реабилитациялоо жумуштарын аткарып келүүдө. Бул борборлорго Ош шаарынын мэриясы тарабынан каржылоо жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий