• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусу боюнча гуманитардык жардам алуу үчүн каякка кайрылуу керек? Телефон номерлери

Аймак 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов Ош облусу боюнча гуманитардык жардам алууга кайрылуу үчүн бир катар телефон номерлерди айтты.

Анын айтымында, ар кандай социалдык маселелер жана гуманитардык жардам боюнча туз байланыш номерлери иштеп жатат.

"Кара-Суу районуна 0(3232) 5 00 03, 0772 21 22 80, 0551 21 22 80; Ноокат районуна 0(3230) 5 26 28, 0773 42 16 42; өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө 0(3222) 5 54 25, 0557 80 01 11; Ош шаарынын мэриясына 0(3222) 5 53 84 номери аркылуу кайрыла аласыздар", - дейт комендант.

Эскерте кетсек, Ошто коменданттык саатты бузган 10 жаран кармалып, 3 миң сом өлчөмүндөгү айып салынган.

7-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 228ге жетти. Алардын ичинен илдеттен 23 адам айыкты жана коронавирус жуктуруп алган 4 жаран каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий