• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таштандылар сорттолот. Ошто өлкө боюнча алгачкы стационардык аянтчалардын долбоору ишке кирет

Аймак 0

Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы Кыргызстанда биринчи жолу сорттоочу контейнерлер менен тиричилик таштандыларын чогултуу үчүн стационардык аянтчалардын жаңы долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Ош-Тазалык” ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаиловдун айтымында, бул пилоттук долбоордун алкагында эки стационардык участок орнотулат, анда туруктуу негизде диспетчер жайгашып, тиричилик таштандыларын сорттоп, курулуш жана соода калдыктарын уруксатсыз чыгаруу маселесин көзөмөлдөйт.

Бул долбоор менен Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев таанышып, анын шаардагы экологиялык абалды жакшыртуудагы маанисин белгиледи.

Жалпысынан мындай стационардык участоктордон 10го жакын орнотуу пландаштырылууда. Бул долбоор ишкана тарабынан өз күчү менен ишке ашырылып, шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий