• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кантта уурдалган Данил тууралуу кабар берген кыз сыйланды - сүрөт

Коом 0

Бишкек, 15.04.19. /Кабар/. Кантта уурдалган 12 жаштагы Данил тууралуу билдирип, кылмыштын бетин ачууга көмөктөшкөн мектеп окуучусу Малика Усманова сыйланды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 12 жашар Данил Браилкинди Кант шаарынан 11-апрелде уурдап кетишкен. Белгисиз бирөөлөр ак түстөгү "Хонда фит" үлгүсүндөгү унаа менен келип, баланы уурдап кетишкен. Кылмыштын бети ошол эле күнү ачылып, милиция кызматкерлери Данил Браиклинди таап жана кылмышка шектүү эки адамды кармашкан. Шектүүлөр күнөөлөрүн моюнга алып, баланы эмне себептен уурдап кеткендиктери тууралуу айтып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий