• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Данил табылды! Өспүрүмдү уурдагандар эмнеге мындай кадамга баргандыктарын айтып беришти

Кырсык 0

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. Чүй облустук Ички иштер бөлүмүнө 12 жаштагы Данилди уурдап кеткен шектүү адамдар алынып келинген. Сурак маалында алар күнөөлөрүн моюндашкан.

Бала үчүн акча талап кылууну пландаганбыз, бирок так суммасын ойлоно элек болчубуз деп билдиришкен.

Шектүүлөрдүн бири баланын ата-энесин тааный тургандыгын айтып, акча карыздарынан кутулуу үчүн керек болгондугун билдирген.

Кармалгандар: Эдуард Шиян - Казакстандан чыккан, Бишкекте жашайт. Экинчиси - 1987-жылкы Р.Владимир, Кыргызстанда жашайт.

"Ата-энесин билет болчубуз, бирок алар менен эч кандай алакада болгон эмесбиз. Жөн эле баланы уурдоону чечтик. Күнөөбүздү моюнга алабыз", - деп билдиришкен кармалгандар.

Шектүүлөрдү Ысык-Ата ИИБнин кызматкерлери колго түшүрүшкөн.

Белгилей кетсек, 12 жашар Данил Браилкинди Кант шаарынан бүгүн уурдап кетишкен. Белгисиз бирөөлөр ак түстөгү "Хонда фит" үлгүсүндөгү унаа менен келип, баланы уурдап кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий