• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй жана Ысык-Көлдө сууга үч жаш бала чөгүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 28.07.22. /Кабар/. Чүй жана Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен үч адамдын сөөгү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чүй районунда Чоң Чүй каналына 21-июлда 16 жаштагы А.Ч. аттуу бала түшүп кеткен. 27-июль күнү саат 06:10дор чамасында өспүрүмдүн сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан каналдын жээгинен табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылындагы каналга 18 жаштагы А.к.С. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн. Жерине ӨКМдин тогуз куткаруучусу тартылган. Куткаруучулар тарабынан саат 18:30да каналдан кыздын сөөгү табылып, чыгарылган.

Ысык-Көлдүн Орто-Өрүктү айылында 25-июль күнү жаш баланын (аты-жөнү такталууда) сөөгү көлдө жаткандыгы тууралуу маалымат ӨКМге түшкөн. Жерине төрт куткаруучу жана туугандарынан алты адам тартылып, кеч киргенине байланыштуу издөө убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 28-июлда издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий