• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ менен ЕККУнун Программалык кеңсеси өз ара аракеттенүү планына кол койду

Коом 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы - элчи Алексей Рогов 2024-жылга карата өз ара аракеттенүү иш-мерчемине кол коюшту.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-мерчем КР өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарын жана башка мамлекеттик органдарын өнүктүрүү жана реформалоо жаатында Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык биргелешкен долбоорлорду андан ары ишке ашырууну камтыйт.

Адылбек Бийбосунов элчиге көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирип, укук тартибин жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда мындан ары да кызматташууга ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Алексей Рогов ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси мындан ары дагы Ички иштер министрлигине колдоо көрсөтүү ниетин билдирди.

Белгилей кетсек, долбоорлорду ишке ашыруунун максаты КР ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүүгө, уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, адам сатууга жана гендердик зомбулукка каршы күрөшүү боюнча потенциалды жогорулатууга жана демократиялык процесстерди бекемдөөгө көмөктөшүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий