• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын борбордук базары дезинфекцияланды

Аймак 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Ош шаарынын аймагында дезинфекциялоо иштери болуп өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-июлда КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан шаардагы ири делген борбордук базар, Бостон, Келечек, Тешик-Таш, Кудайберген базарлары, 70 турак үйлөрдүн кире бериш дарбазалары, 22 дүкөн, 5 дарыкана, 8 касапкана, 12 навайкана, 8 май алмаштыруучу жай, 4 банк жана башка эл көп барган жерлерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.

Залалсыздандыруу иштери ӨКМ тарабынан республиканын бардык аймактарында улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий