• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде 50 орунга ылайыкталган жаңы стационар ачылат

Аймак 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Кыргызстандын Кызыл Жарым ай коому өзүнүн өнөктөштөрү менен биргеликте эки кабаттуу жаңы кеңсесинин имаратынын курулушун аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Кызыл Жарым ай коомунан билдиришти.

“Күндүзгү стационарларга муктаждык жаралып жатканын эске алып, биз Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте жаңы кеңсенин имаратында 50 орундуу күндүзгү стационар уюштуруу чечимин кабыл алдык. Жаңы имаратта бардык коммуникациялар тартылган, жууркан-төшөктөр бар”,- деп билдирет Кыргызстандын Кызыл Жарым ай коому.

Жакын арада стационар бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Пикир

Оставить комментарий