• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын мэри ЕРӨБнын Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-апрелде Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар ЕРӨБ колдоосу менен Ош шаарында ишке ашырылып жаткан долбоорлорду, тагыраагы Ош шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу долбоорун жана “Ош шаарынын электр коомдук транспортун модернизациялоо” долбоорун талкуулашты.

Өз сөзүндө мэр Ош шаарынын инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашырууда колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, тыгыз кызматташууга даяр экенин белгиледи.

ЕРӨБнын Евразия инфраструктура департаментинин банкири Мээрим Аманова Ош шаарынын муниципалдык кызматтарынын долбоорлорду ишке ашыруудагы тыгыз байланышын белгилеп, ЕРӨБ бул багыттагы иштерди эртерээк баштоого кызыктар экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө санитардык-коргоо зонасын түзүү, учурдагы таштанды полигонун жабуу жана рекультивациялоо, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун процедуралык маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий