• 88.68
  • 95
  • 0.95

Район акимдери жана айыл өкмөт башчылары «Infodocs» системасы боюнча окуудан өтүштү

Коом 0

Бишкек. 28.04.22. /Кабар/. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын жана айыл өкмөт башчыларын «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасында иштөөгө окутуу аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

КР президентинин мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук документ жүгүртүүнү ишке киргизүү процессин тездетүү боюнча тапшырмасын аткаруу алкагында маалыматтык-окутуу тренингдери өткөрүлдү. 2022-жылдын 25-27-апрелине чейин өткөн окууга жалпысынан 492 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер катышып, тренинг облустук жогорку окуу жайлардын жана КР президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында бардык аймактарда бир эле учурда өткөрүлдү.

Окуунун жыйынтыгында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер электрондук документ жүгүртүү боюнча автоматтык маалымат системасында иштөө боюнча практикалык көндүмдөрдү алышты.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын жана айыл өкмөт башчыларын «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасында иштөөгө окутуу КР президентинин администрациясынын калкасы астында КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин жана КР президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын көмөгү аркылуу өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий