• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарынын мэри Ислам дүйнөсүнүн мэрлеринин саммитине катышты

Коом 0

Бишкек, 28-апрель /Кабар/. Иран Ислам Республикасынын Мешхед шаарында 25-26-апрель күндөрү Ислам дүйнөсүнүн мэрлеринин саммити болуп өттү. Ага Кыргызстандан Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Саммитте Ислам дүйнөсүнүн шаарларынын ортосунда ар тараптуу өз ара кызматташууну күчөтүү, улуттар аралык мамилени чыңдоо, дүйнөлүк экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүнө күчөтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле, шаарлардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык пландары, ар бир шаардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтылып, мэрлер өз ара тажрыйба алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий