• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарынын мэри ЖМК өкүлдөрү жана активисттер менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Кечээ, 13-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаардагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана активдүү жарандар менен жолукту. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында шаардын социалдык-экономикалык абалын, инфратүзүмүн өнүктүрүү, муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгү, кадр маселеси жана Парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча суроо жооп болуп, сунуш пикирлер айтылды.

Ошондой эле, “Ош - Улуу Жибек Жолунун борбору” аттуу добоор презентицияланып, шаарда туризмди өнүктүрүү, туристтерге шарттарды түзүү боюнча журналисттер суроолорун жана сунуштарын айтышты.

Жыйынга жалпы 10дон ашык массалык маалымат каражаттарынан 40ка жакын журналисттер жана активисттер катышып, шаар мэри 80ге жакын суроого жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий