• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Кочкордо президенттин катышуусунда Ормон хандын 230 жылдык мааракеси белгиленүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 2-октябрда белгилүү саясий ишмер Ормон Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракеси белгиленүүдө.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, маданий иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышууда.

Алгач Кочкор районунун Семиз-Бел айылындагы “Ормон Хан” ордосунда Кыргызстандын Мамлекеттик туусу көтөрүлүп, Ормон Ниязбек уулунун эстелиги ачылды.

“Ормон хан” ордосун куруу үчүн Семиз-Бел айылынын чыгыш тарабынан 1 гектар жер трансформацияланып, Нарын облусунун “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 7 млн сом каралган.

Белгилей кетсек, Ормон хан Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө салымын кошкон тарыхый инсан, ал 19-кылымдын ортосунда чачкын кыргыз урууларын бириктирип, көз карандысыз Кыргыз хандыгын түзүүгө аракет кылган.

Пикир

Оставить комментарий