• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында үстү жабык футбол аянты пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 02.10.23. /Кабар/. "Амир-Тимур" муниципалдык аймактык башкармалыгында Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен жеке ишкер тарабынан курулган үстү жабык футбол талаасы ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов катышып, Ош шаарынын мэриясы шаардын өнүгүүсүнө ар тараптуу салым кошуп келе жаткан ишкерлерге ыраазычылык билдирип, алардын демилгелерин жана долбоорлорун ар дайым колдоого даяр экенин билдирди.

"Аймактарды өнүктүрүү – биздин негизги багыттарыбыздын бири. Бул спорттук жайдан келечектеги дүйнө чемпиондорубуз чыгат деп ишенемин", - деди мэр.

Иш-чаранын алкагында Б. Жетигенов аталган жерде машыгып жаткан балдарга керектүү спорт буюмдарын белек катары тапшырды. Ошондой эле Эл аралык карыялар күнүнө карата, жергиликтүү аксакалдарга белектерди тапшырды.

Белгилей кетсек, жаңы футбол талаасынын жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзөт. Келечекте бул жерде спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгуу үчүн чоң спорттук борборун куруу болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий