• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир жумада дээрлик 19 миң жол эрежесин бузуу катталды

Коом 0

Бишкек, 02.10.23. /Кабар/. 25-сентябрдан 1-октябрга чейинки аралыкта өлкө аймагында 18 миң 998 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 222;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - 271;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 42;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 844;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 2717;
- авто ээнбаштык - 5;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу - 5167;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 3;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 9727;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1270 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий