• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров Кочкордо Ормон хандын 230 жылдыгына карата эстелигин ачты

Президент 0


Бишкек, 02.10.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда, Нарын облусунун Кочкор районунун Семиз-Бел айылында Кыргызстандын Мамлекеттик туусун көтөрүү каадасына жана Ормон хандын 230 жылдыгына карата эстелигинин салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Төмөндө мамлекет башчысынын сөзүн келтиребиз:

“Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу агайын-туугандар, мал киндиктүү Нарын жергесинин эли!

Өзүңүздөр билгендей, эң ыйык дөөлөтүбүз болгон көз карандысыздыгыбызды ордолуу Ош шаарында белгилеп, касиеттүү Сулайман-Тоонун астанасында эркиндиктин эн белгиси болгон ыйык туубузду бийик желбиреткен элек.

Мына бүгүн ошол байыркы мезгилден азыркы күнгө чейин элибиз үчүн мамлекеттүүлүктүн улуу символу болуп келген туубузду Кочкор жергесинде көкөлөтүп олтурабыз.

Бул да болсо эгемендигибизди даңазалап-даңктоо, барктоо, кийинки муундардын дем-күчүн арттыруу болуп саналат. Туубуз ар дайым бийик желбиреп турса, кыргызстандыктардын атуулдук сезими бийиктейт, ата-бабаларыбыздын астындагы милдетибизди күн сайын эскертип турат! Береги бийик желбиреп, жергебизге көрк берген кызыл туубуз менен эми кочкорлук мекендештерибиз да сыймыктанса болот.

Улутка кызмат өтөгөн даңктуу ата-бабалардын жолун улаган, кечээ жакында эле чет жерде кызыл байрагыбыз менен гимнибизди жаңырткан спортчуларыбыздын учугун улаган демдүү, күчтүү, демилгелүү жаштар арбын чыксын деп тилек кылалы.

Биз кылымдарды карыткан бай тарыхыбызга жаңы көз караш менен мамиле жасай баштадык. Көп жылдар бою ар кандай белгилүү себептерден улам, башкача өңүттө бурмаланып айтылып келген тарыхыбыз, тарыхый инсандарыбызды тактап, даңктап, даңазалоого мезгил жетти.

Кыргыз элинин басып өткөн бай тарыхында элди бир туунун астына бириктирип, жол баштап, кол топтоп, душман беттеп, элдүүлүктү, эгемендикти коргоп келген нечендеген чыгаан инсандарыбыз өткөн. Алардын бири – кыргыз-казак санжырачылары аттап өтүп кете албаган, кыргыз тарыхында салмактуу орду бар Ормон хан Ниязбек уулунун 230 жылдыгына карата эстелигин ачып олтурабыз.

Ормон хандын жети атасынан бери эл башкарган көсөмдөрдөн, кашкөй баатырлардан болгонун тарыхчылар айтып келет. Эл оозунда “Ниязбектин сегиз бек, телегейи тегиз бек” деген сөздүн айтылып калышы эле бул даңктуу инсанды берген тукумдун даңазасын билдирип турат го, деп ойлойм.

19-кылымдагы татаал кырдаалда Ормон Ниязбек уулу бытыранды кыргыз урууларын бир хандыкка бириктирүү демилгесин көтөрүп, хан шайланып, жоопкерчиликти өзүнө алган. Бул окуяны - Кыргыз хандыгынын түзүлүшүн кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүүдөгү эң орчундуу окуя катары кароого болот. Ошондуктан Ормон хан атабыздын кыргыз элинин эгемендиги үчүн жасаган эрдиги менен өтөгөн эмгеги татыктуу бааланышы керек.

Урматтуу агайын туугандар, калайык-калк, Ормон хан сындуу көз карандысыздыкты коргоого, жерибизди сактап калууга салым кошкон өз мезгилинин чыгаан уулдарына – ата-бабаларыбызга таазим кылып, алардын аттарын даңктап-даңазалайлы.

Желегибизди бийик көкөлөткөн бүгүнкү саамалыгыбыз, Ормон хан атабыздын 230 жылдыгы менен баарыңыздарды дагы бир жолу куттуктайм.

Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун! Эл ичинен Ормон хандай эл-жеринин бүтүндүгүн ойлогон, эгемендик үчүн күрөшкөн көп-көп уулдарыбыз чыксын!

Эгемен Кыргызстаныбызды Жараткан өзү колдосун!”

Пикир

Оставить комментарий