• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны өтүп, эки маселе каралды

Аймак 0

Бишкек, 20.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 2-сентябрда Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны онлайн форматта өттү. Ага биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары, жогорку окуу жайларынын ректорлору, мектеп жана балдар бакчаларынын директорлору катышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сз кызматынан кабарлашкандай, жыйындын күн тартибинде эки маселе каралып талкууланды.

Биринчи маселе катары Ош шаарынын 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, шаарды 2019-2020-жылдарга карата өнүктүрүү Программасын аткаруунун жүрүшү жана 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата милдеттер жөнүндө.

Экинчи маселе катары КРнын “Билим берүү” Мыйзамынын аткарылышы 2019-2020-окуу жылындагы Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү жана жаңы 2020-2021-окуу жылына карата даярдыктар жөнүндө.

Биринчи маселе боюнча экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Талант Кайымов жана экономикалык багытка тийиштүү мекеме- ишканалардын жетекчилери маалымат беришти.

“Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгына жеткирилген план-тапшырма 413,4 млн сомду түзүп, 383,9 млн сом жыйналып, 92,9 пайызга же 29,5 млн сомго аз жыйналган. Ал эми Ош шаарында санариптештирүү багытында Ош шаарынын мэриясы, шаардагы мамлекеттик мекеме, уюмдар тарабынан бул багытта “IT-мектеп”, “E – kyzmat”, “Электрондук документ жүгүртүү системасы”, «Онлайн кайрылуу картасы», “Электрондук кезек”, 7 “Коопсуз мектеп”, “Коопсуз бала бакча”, “Электрондук саламаттык сактоо”, “Электрондук билет”, “Электрондук патент”, “Бирдиктүү терезе” долбоорлору ишке киргизилип, иштеп жатат”, - деди Талант Кайымов.

Пикир

Оставить комментарий