• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош технологиялык университетине жаңы ректор дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда Турсунбаев Жанболот Жанышович М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин министрлик мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин ректору кызмат ордун ээлөө үчүн ачык сынак жарыялаган.

Сынактын жыйынтыгы боюнча Жанболот Турсунбаев эң көп упай топтогон.

Пикир

Оставить комментарий