• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош Улуу Британиянын шаарлары менен эки тараптуу байланыштарды өнүктүрөт

Аймак 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев менен Улуу Британиянын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Шарлотт Сурун жолугушту. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар ишкерлердин өз ара аракеттенүүсү, билим берүү системасын өнүктүрүү, ошондой эле аялдардын укуктарын коргоо, гендердик теңчилик боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Исаев Ош шаарын 2023-2026-жылдарга өнүктүрүү программасынын алкагында шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттарына токтолду.

Ошондой эле эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү ниетинде Улуу Британиянын индустриалдык шаарларынын бири менен боордош шаар мамилелерин өнүктүрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Шарлотт Сурун белгилегендей, Кыргызстандын ишкерлери үчүн 85%га жакын продукцияны, анын ичинде айыл чарба продукциясын, текстиль, балды пошлинасыз экспорттоо үчүн шарттар түзүлгөн.

"Апрель айынын аягында Кыргызстандын текстиль жана айыл чарба ассоциацияларынын өкүлдөрүнүн биринчи тобу Улуу Британияга барат. Анда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында ишкерлер менен жолугушуулар өткөрүлөт. Мекенине кайтып келгенден кийин алар өз тажрыйбалары менен бөлүшө алышат", - деп белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий