• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош жана Жалал-Абадда жер титиреди

Коом 0

Бишкек, 09.07.19. /Кабар/. Ош жана Жалал-Абад облустарында жер титирөө катталды, - деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 9-июлда болжол менен саат 01:51де катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Ничке-Сай, Кыргызстан айылдарында - 4 балл, Тосой, Жийде, Ак-Терек, Чаңгет, Шоро-Башат, Жыланды, Зергер айылдарында - 3,5 балл, Өзгөн шаарында жана Таштак, Шералы, Мырзаке, Большевик, Ак-Жар, Эркин-Тоо, Кара-Дыйкан айылдарында - 3 балл, Кош-Этер, Чымбай, Куршаб, Кароол, айылдарында - 2,5 балл жана Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында - 3 балл, Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун Шамал-Терек, Благовещенка, Октябрское, Багыш, Таш-Булак, Михайловка, Таран-Базар, Калмак-Кырчын айылдарында - 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий