• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто логистикалык борбор курууга кытайлык ишкерлер 100 млн доллар берүүгө даяр

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 28.02.19 /Кабар/. Ош облусунун Мады айылына 150 гектар жерге логистикалык борбор куруу пландалууда. Учурда жердин трансформация иштери каралууда. Бул тууралуу Өкмөтүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев "Марал" радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Мады айылына салына турган логистикалык борбор бир гана жашылча жемиштерди сактабайт. Борбордо атайын унаа токтотуучу жай, өндүрүш, мейманкана дагы салынат. Ал үчүн кытайлык ишкерлер 100 млн долларга чейин инвестиция салууга даяр.

"Ошто жумуш орундарын түзү абдан оор болуп жатат. Анткени үлүш жерлери жок жарандар бар. Туризм жана мал чарбалчылыгын өнүктүрүү багытында иштеп жатабыз. Араванда 1000 гектар жерге картошка эгилди. Быйыл өткөн жылга салышытырмалуу суунун көлөмү көп. Мындан сырткары Ош шаары быйыл түрк элдеринин маданий борбору деп белгиленип, ага карата өтчү иш-чараларга кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Бул Кыргызстанды таанытууга жакшы мүмкүнчүлүк", — дейт Жылкыбаев.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы Ош облусунда 8 мал союучу ишкана, 1 сүт заводу ишке кирген. Жалпысынан 74 ишкана ачылып, 900 жумуш орун түзүлгөн.

Ошондой эле жергиликтүүлөр ишкерлердин эсебинен көпүрөлөр, футбол аянтчалары курулуп, бала бакчалар оңдоп-түзөөдөн өткөн. 57 социалдык объект колдонууга берилген.

Пикир

Оставить комментарий