• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ОшМУ Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен кызматташат

Билим 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде иш сапарда болуп келди. Бул тууралуу Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, делегация Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окуу кампусунда болду. Окуу жайдын китепканасын, жатаканасын, Медициналык борборун көрүп, ветеринардык, айыл чарба, инженердик жана табигый илимдер факультеттериндеги лабораториялар жана Туризм жана мейманкана жогорку мектебиндеги билим берүүгө түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Иш сапардын алкагында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан эки окуу жай ортосунда таалим–тарбия, билим берүү, илим, академиялык мобилдүүлүк тармагында өз ара кызматташуу келишимине кол коюшту.

Ректор Кудайберди Кожобеков Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Медиа Манас” медиа борборунун түз эфиринде конокто ​ болду.​

Пикир

Оставить комментарий