• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ОшМУда окуу имараттары, жатаканалар капиталдык ремонттон өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) университеттин билим берүү инфраструктурасын жакшыртуу, реконструкциялоо, модернизациялоо багытында алгылыктуу иштер жүрүп келет. Бул тууралуу ОшМУнун администрациясынан билдирди.

Учурда университеттин №6, №15 окуу корпустары, Бизнес жана менеджмент, Медицина, Юридика, Тарых факультеттери, №4 А, №4 Б жатаканалары жана быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Ош облусунун Ноокат, Кара-Кулжа, Кара-Суу райондорунда ачылган университеттин гимназиялары толук капиталдык ремонттон өткөрүлүп жатат. Университеттин башкы корпусунун жер төлөсү, ажатканалар ремонттолуп, желдеткичтер орнотулууда.

"Мындай капиталдык ремонт иштерин жүргүзүү, окуу имараттарын, жатаканаларды, спорт комплекстерди, студенттик ашканаларды, ажатканаларды, имарттардын тышкы, ички көрүнүшүн жаңыртуу, жаны окуу имараттарын салып, жаңы инфраструктураларды түзүү университетте пландуу негизде ишке ашып келет. Бул иш аракеттер жаңы окуу жылында окутуучулардын жаңы дем менен иш баштоосуна, студенттердин таза, кенен, жарык, бардык шарттар каралган аудиторияларда билим алуусуна шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ОшМУда бардык окуу корпустары, кафедралар, аудиториялар, жатаканалар, спорт комплекстери жыл сайын кезеги менен капиталдык ремонттон өтүп, жаңы мазмунга, жаңы көрүнүшкө ээ болууда.

Пикир

Оставить комментарий