• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен: Р-4 каналынын курулушу 60%га аяктады

Аймак 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Баткен районунда жалпы узундугу 46 км болгон Р-4 каналын куруу жана бийиктетүү иштери жүрүп жатат. Курулуш иштери 60 пайызга аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, курулуш, сугат суу берүүнү үзгүлтүккө учуратпоо менен ишке ашып жатат. Ал үчүн суу берүүнүн альтернативдүү жолдору каралган.

Азыркы күндө курулуш үчүн акча каражаты толук бөлүнүп берилип, 12 км чарбалар аралык каналдын жана 12 км ички чарбалык каналдын курулушу бүткөрүлдү.

Курулуштун жалпы сметалык баасы 500 млн сомду түзөт. Бул үчүн Кытай Эл Республикасы тарабынан грант бөлүнгөн.

Каналдын курулушу толук аяктаса, 1200 га жерге суу жеткирилип, 1543 га сугат жерди суу менен камсыздоо жакшыртылат.

Бүгүнкү күнгө аткарылган жумуштардын болжолдуу суммасы 270 млн сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий