• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушу уланууда – Транспорт министрлиги

Коом 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдирди.

Анын айтымында, жолдун курулушун каржылоодо көйгөй жок.

"China Road" менен тоннель жана көпүрөлөрдөгү иштер боюнча сүйлөшүп жатабыз. Себеби, алар өзүнүн жумушчуларын алып келе албай жатат – 450-500 киши. Алар Жаңы жылдын алдында кетишип, келе албай жатышат. Бул маселе майда чечилет деп ойлойбуз", - деди ал.

Бейшенов 430 чакырым жолдун канча пайызы аяктап калганын айта алган жок.

Түндүк-түштүк альтернативалык жол боюнча долбоор 850 млн долларга бааланууда. Ал үч баскычта ишке ашырылууда. Жолдун курулушунун биринчи баскычы Кызыл-Жылдыз – Арал жана Казарман – Жалал-Абад (154 чакырым), экинчи баскычы Арал – Казарман (96 чакырым) жана үчүнчү баскычы Балыкчы – Кызыл-Жылдыз (183 чакырым) багыты боюнча жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий