• 88.68
  • 95
  • 0.95

2023-жылдагы ажылык сапардын так баасы азырынча белгисиз — муфтият

Коом 0

Бишкек, 24.01.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2023-жылдагы ажылык сапардын так баасы азырынча белгисиз. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын муфтийинин орун басары Абибилла Кадырбердиев билдирди.

Ал 2022-жылы ажылык сапардын наркы 4,5 миң долларды түзгөндүгүн эске салды.

“Быйыл белгисиз, анткени каражаттын 99 пайызы Сауд Аравиядан көз каранды. Себеби ал жактагы төлөмдөрдү өздөрү айтат. Алсак, транспорт, чатыр, тамак-ашты арабдар белгилеп берет. Биз алар менен соодалаша албайбыз. Качан гана бизге маалымат бергенде гана так сумманы айтабыз”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 2023-жылдагы ажылык сапарына каттоо 24-январдан 14-февралга чейин (2019-жылдан бери каттоодо тургандар үчүн) жүргүзүлөт. Ал эми жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий