• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагы дезинфекцияланды - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагы дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-майда түзүлгөн пландын негизинде Октябрь райондук ӨКБнин өздүк курамы тарабынан Бишкек шаарынын №№ 6, 15, 18, 19 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун, №3 шаардык балдар ооруканасынын аймагы, №4 төрөт үйү, Улуттук онкология жана гемотология борбору, Тыныстанов, Сүйөркулов, Сухе Батор, Жукеев-Пудовкин көчөлөрүн дезинфекциялоо иш-чаралары жүргүзүлдү. Жалпы 180 000 чарчы метр аянт жана 12 000 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланып, 40 кг хлор сарпталды, 1 даана техника жана 5 аскер кызматкери тартылды.

Ошондой эле өздүк курам тарабынан аталган даректерде кол чачкычтар менен турак жайлардын короолору, балдар ойноочу аянтчалар, дарыканалар, сулуулук салондор, жана 8-кичи районунун №1 үйүнүн подъезддери жана короосу дезинфекцияланды. Жалпы 5100 чарчы метр аянт дезинфекцияланып, 2 кг хлор сарпталды жана 7 аскер кызматкери тартылды.

Пикир

Оставить комментарий