• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Бишкексвет» ишканасынын кызматкерлери жаңы формалуу болушту

Коом 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жаңы күзгү формалуу болушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жарыктандыруучулар үчүн ишкананын көк, боз, сары түстөрүнө ылайыкталган 123 комплект форма жана бут кийим сатып алынды.

Белгиленгендей, жол боюндагы кооптуу жерлерде өз милдеттерин аткарып жатканда жумушчулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кийим чагылтуу кездеме менен капталган.

Электриктердин жумушчу кийиминин негизги милдети жумушчуну электр тогунун соккусунан жана электр жаасынын таасиринен коргоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий