• 88.68
  • 95
  • 0.95

2024-жылы энергетика тармагына 74,9 млрд сом бөлүнөт

Өкмөт 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. 2024-жылы өлкөнүн энергетика тармагына 74,9 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде энергетикалык компанияларды капиталдаштырууга 55,8 млрд сом каралган.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө республика боюнча өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмүн онлайн режиминде көрүүгө болот жана жакынкы келечекте энергияны керектөөнүн көлөмүн онлайн режиминде көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү пайда болот.

"Жакынкы жылдары 7 миң МВт кубаттуулуктагы ири долбоорлор ишке ашырылат: Токтогул, Камбар-Ата-2, Үч-Коргон ГЭСтеринде электр энергиясын иштеп чыгуу көбөйтүлөт. Казарман, Чаткал, Суусамыр-Көкөмерен, Сары-Жаз ГЭСтер каскады курулат. Куланак ГЭСи жана 30дан ашык чакан ГЭСтер ишке берилет. Биз Дүйнөлүк банк менен Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин активдештирүү боюнча келишимге кол койдук. Мындан тышкары, шамал жана күн электр станциялары курулат", - деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий