• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто 1-сентябрда окуучуларды коомдук транспорттор акысыз ташыйт

Аймак 0

Бишкек, 27.08.18. /Кабар/. 1-сентябрь күнү Ош шаарындагы коомдук транспорттор окуучуларды акысыз ташыйт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ош шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө автоунаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында шаардагы коомдук транспорт тармагында эмгектенип жаткан мекеме-ишканалары менен өткөрүлгөн кезексиз кеңешмеси өттү.

Кеңешмеде 1-сентябрь күнү шаардык коомдук транспорттордун бардык түрлөрүндө мектеп окуучуларынан жол акысы алынбай турганы айтылды.

Автобустар, троллейбустар жана кичи автобустук маршруттук каттамдарында окуучулар үчүн бекер.

Пикир

Оставить комментарий