• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто 24 жаштагы кыз жарандардан ири суммадагы акча алып, жашынып жүргөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы ири суммадагы акчаны алып, кайтарбай жашынып жүргөн Жалал-Абад облусунун 24 жаштагы М.А. аттуу кызды кармады.

Шаардык милициядан билдиришкендей, М.А. өзүн Ош шаарындагы “Алтын-Темир” жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси катары (текшерүүдө мындай коом таптакыр жок болуп чыккан) тааныштырып, жарандардан ири суммадагы акча каражаттарын алып жүргөн. Ал эми жарандарга кошумча ири суммадагы акча берилерин айтып, из жашырган.

“Бүгүнкү күндө кыздын үстүнөн эки арыз келип түштү. Арыздануучулардын биринен 30 миң, экинчисинен 39 миң доллар алып из жашырган. Андан сырткары, жакындарынан дагы ушундай алдоо жолу менен ири суммада акча алгандыгы аныкталды. Анын жакындары арыз жазуудан баш тартышты”, - деп айтылат маалыматта.

Жазылган арыздар боюнча Жазык кодексинин 304-беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга 28-августта киргизилип, Ош шаардык соту тарабынан 28-сентябрга чейин абакта кармоо боюнча баш коргоо чарасы тандалган.

Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү алынган акчаларды “Кыргыз-Каганат” аттуу ишканага жана конкреттүү бир адамдын атына которгондугун билдирген. Текшерүү учурунда аталган ишкана жана аты аталган адам таптакыр болбогондугу аныкталды.

Мындай көрсөтмө берүү менен шектүү тергөө кызматына жалган көрсөтмө берген. Бүгүнкү күндө жалган билдирүү жасагандыгы үчүн Жазык кодексинин 344-беренесинин белгилери менен дагы кошумча иликтөө жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий