• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто 10го жакын көчөдө тротуарларды куруу боюнча комплекстүү иштер жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Ош шаардагы 10го жакын көчөдө тротуарларды куруу боюнча комплекстүү иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык жолдор башкармалыгынан билдиришти.

Алсак, Королев, Масалиев, Ленин, Курманжан-Датка, Краснофлотская, Баялинов, Амир-Тимур МАБдагы №177 жана башка көчөлөрдө иш жүрүүдө. Жакын арада Моминов көчөсүндө иш башталат.

"Тротуарлардан алынган эски брусчаткалар квартал ичиндеги, ички жолдордун тротуарларына төшөлөт", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, быйыл калаада 38 көчөгө тротуарларды куруу жана реконструкциялоо иштери пландалган. Бул иштер 2023-жылга да мерчемделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий