• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто тогуз айдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-октябрь күнү Ош облусундагы 9 ай аралыгында аткарылган жумуштар жана алдыда ишке ашырылуучу пландарды талкуулаган коллегиялык жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, өкүлдүн орун басарлары, Ош облусундагы район акимдери, айыл өкмөт башчылары жана облустагы мекеме жетекчилери катышты.

Коллегиялык жыйында 2021-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен Ош облусунун аймагында аткарылган жумуштар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле көйгөйлүү маселелерди чечүү жана алдыда аткарылуучу жумуштар боюнча тапшырмалар берилди.

Коллегиялык жыйында каралган маселелер:

- Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2021-жылдын III кварталынын жыйынтыгы жана 2021-жылдын IV кварталына милдеттер жөнүндө;

- Ош облусунун калкын, облустун аймагындагы мекеме ишканалардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктарын көрүү боюнча;

- “Ош-Электро” ААКтын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү.

Пикир

Оставить комментарий