• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Ак-Суу дарыясындагы көпүрөнүн курулушу аяктады

Аймак 0


Бишкек, 01.10.22. /Кабар/. Баткен облусунда Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун 7-чакырымында орто көлөмдөгү жардырылган көпүрөнүн курулуш иштери аяктады, деп билдирет Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, 16-сентябрда Тажикстандын Кыргызстандын Баткен облусуна кол салуусу учурунда тажик аскер кызматкерлери Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык автожолун бириктирген Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрөнү жардырып жиберишкен.

"Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун 7-чакырымында унаа өтүүчү көпүрөнүн курулушу бүткөрүлүп, унаалар өтүүчү жол пайдаланууга берилди. Курулуш иштерин "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө башкармалыгы жүргүзгөн. КР транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Т.Тиллаев ведомствонун Баткен облусу боюнча кызматтары тарабынан оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү маселелерин координациялоодо", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий