• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто «Антирэкет» аталышында кылмыштуулуктун алдын алуу багытындагы рейд өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-25-октябрь күндөрү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жетелек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында «Антирэкет» аталышындагы 3 күндүк рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, бул аралыкта милиция кызматкерлери 58 интернет клубдарында, 32 ири дүкөндөрдө, 39 түнкү оюн-зоок мекемелеринде рейд жүргүзүштү. Аталган жайларда чоӊ адамдардын коштоосу жок жүргөн 38 өспүрүм балага карата тиешелүү документтер топтолуп, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы балдар иши боюнча комиссияга жөнөтүлдү. Оор шарттагы 1 бала аныкталып, балдар үйүнө жеткирилди. КРнын Бузуулар кодексинин 61-беренесине ылайык, 29 ата-энеге акчалай айып салынды.

"Бул иш-чара комплекстүү түрдө өтүп, түзүлгөн планга ылайык ири мектептер менен окуу жайларда арасында "Рекетчилик" деген эмне?, “Рекетчилик - бул кылмыш” деген темада тегерек стол, жолугушуулар, дебат жана тренингтер өткөрүлүп, мектеп окуучуларынан анкеталар жана жекече ой-пикирлери алынып, атайын мониторинг-схемалары иштелип чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Шаардагы өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, рекетчиликти алдын алуу, кылмыштуулукка барышы мүмкүн болгон өспүрүмдөрдү аныктоо максатында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясы билим берүү жана социалдык жактан коргоо мекемелери менен биргеликте алдын алуу иш-чараларын улантууда.

Ош ШИИБнын жетекчилигинин тапшырмасы менен ар бир жашы жетелек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору тарабынан жумуш күнү мектептерде башталып, класстык жана окуучулар менен жеке жолугушуулар өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий