• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто аракеч үй-бүлөнүн 3 айлык ымыркайы балдар үйүнө өткөрүлүп берилди – милиция

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы социалдык коргоо кызматынын кызматкерлери менен бирге аракеч үй-бүлөнүн 3 айлык кызын балдар үйүнө өткөрүп беришти. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын жана социалдык коргоо кызматынын кызматкерлери тарабынан 20-июлда ата-энеси спирт ичимдиги ичкен үй-бүлө аныкталып, 3 айлык кызы мамлекеттик коргоого муктаж экендиги тууралуу чечим кабыл алынган.

“Бүгүн, 21-июлда милиция кызматкерлери социалдык коргоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ымыркай кызды балдар үйүнө өткөрүп беришти. Аталган үй-бүлөнүн 31 жаштагы атасынын туруктуу иштеген жери жок, жалпы үч баланын 27 жаштагы энесинен буга чейин 9 жана 4 жаштагы балдарын мамлекет өз камкордугуна алган. Бүгүн үчүнчү баласы (3 айлык) дагы мамлекеттик коргоого алынды. Үй-бүлөнүн үйү аракеч адамдардын уюгуна айланган”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мындай оор шартта жашап, балдарына тиешелүү камкордук көрө албаган үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий