• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бажы кызматы суммасы 1 млн сомдон ашуун контрабандалык жүктү аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Бажы кызматы суммасы 1 млн сомдон ашуун контрабандалык жүктү аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Түндүк” темир жол бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте “Аламедин” БТЖнын станциясында Кытайдан “А.Р.” ЖЧКнын дарегине келген контейнерден спорттук буюмдар тапкан.

Ведомстводон белгилешкендей, жүк бажылык тариздөөдөн өткөн эмес. Алдын ала эсептөө боюнча төлөнүүчү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 1 млн 55 миң 885 сомду түздү.

Аталган факт КЖБР АМС МЭЖге катталган, материалдар КР мыйзамдарына ылайык кароо үчүн Башкы прокуратурага берилген.

Пикир

Оставить комментарий