• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто бала бакчанын 100 орундуу кошумча имараты пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарындагы №30 “Айданек” бала бакчасынын кошумча 100 орундуу имаратынын ачылыш аземи болду.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, бала бакчанын жетекчиси, кызматкерлери, ата-энелер жана жергиликтү тургундар катышты.

Венера Рыскулова шаар мэри Алмаз Мамбетовдун атынан катышуучуларды бала бакчанын ачылышы менен куттуктап, жетекчисине интерактивдүү доска алуу үчүн 50 миң сом акча каражатын тапшырды.

“Өлкөбүздүн дүркүрөп өсүшү үчүн келечек муундарга татыктуу таалим-тарбия берүүдө тиешелүү шарттарды түзүп берүү биздин негизги милдеттерибиздин бири болуп саналат. Баарыбыз билгендей Ош шаарында калктын саны өсүп жаткандыктан, бала бакчанын жетишсиздиги учурда чоң көйгөй болуп келүүдө. Ага карабастан мына бүгүн биз сиздер менен, жергиликтүү элдин кезектеги көйгөйү чечилип, келечек муундарыбыз болгон ушул аймактын кичинекей тургундары үчүн ушул бала бакчанын кошумча 100 орундуу имаратынын курулуш аяктап, колдонууга берилип жатат.

Бул бала бакчада келечекте Кыргызстандын түндүгүн көтөргөн мыкты балдар, кыздар тарбияланып, мекенчил жаштардын өсүп чыксын. Бүгүнкү күндө мындай билим берүү мекемелеринин ачылышы учурдун талабы экендигин белгилөө менен мамлекетибиздин бекем болушуна, келечек ээлеринин татыктуу инсан катары тарбияланышына бараандуу салым кошуп жаткан атуулдарыбызга терең ыраазылык билдиремин”, - деди вице-мэр.

Белгилей кетсек, аталган бала бакчанын кошумча имаратынын курулушу ушул жылдын январь айында башталып, “Север Юг Строй” ЖЧКсы тарабынан бүткөрүлдү. Курулуш иштерине жергиликтүү казынадан 21 млн сомдон ашык акча каражаты сарпталды.

Учурда шаарда дагы эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий