• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ат-Башыда өзгөчө кырдаал режими алынды

Аймак 0

Бишкек, 05.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 5-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө кырдаал режими алынды.

ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын маалыматына караганда, район аймагында аба ырайы турукташып, карлар ээрип, малчыларга жана мал-жандыктарга болгон коркунуч жоюлган. Куткаруучуларга муктаждык жок. Көзөмөл жергиликтүү бийликке жүктөлгөн.

Белгилей кетсек, 2-3-май күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, калың жааган кардын кесепетинен жайлоо-кыштоолордо мал-жандыктар тоютсуз калышкан. Жерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жем-чөп жеткирип, район аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий