• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто базар, Ысык-Көлдө көмөк чордон өрттөндү – өлкө аймагында бир күндө 11 өрт катталды

Кырсык 0

Бишкек, 08.05.19. /Кабар/. Бир сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3 өрт кырсыгы катталган, Ош – 2, Чүй облусу – 3, Жалал-Абад – 2, Ысык-Көл облусу – 1.

Алсак, Бишкектеги 6-кичи районунда жайгашкан №16 көп кабаттуу үйдүн подъездинен түтүн чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Андан тышкары, калаадагы Краснодонцев көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккан. “Өрт жөнүндө маалымат тастыкталган жок, себеби кампанын кароолчусу таштандыны атайын өрттөгөн”, - деп билдиришти ӨКМ кызматынан.

Ош шаарындагы “Кудайберди” унаа тетиктерин сатуучу базардан өрт чыккан. Өрт тууралуу билдирүү кечээ, 7-майда болжол менен саат 12:00дө келип түшкөн. Тилсиз жоонун кесепетинен базарда жайгашкан 2 кабаттуу контейнердин 60 чарчы метри жана унаа тетиктери толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок жана өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Алдашев жана Жамансариев көчөлөрүнүн кесилишинде көмөк чордондон өрт чыккан. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий