• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто бир бала кышкы салаттан ууланды

Кырсык 0

Бишкек, 17.01.19. /Кабар/. Кыргызстанда кыш айларында (декабрь, январь) ботулизмге кабылган 20 факт катталган, жабырлануучулардын саны 22 адамды түзгөн.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл Департаментинин расмий сайтында кабарлангандай, Бишкекте -7, Ош облустунда – 7, Жалал-Абад – 5 жана Чүй облусунда 1 факт катталган.

Ал эми ушул күндөрдө Ош облусунун Кара-Суу районунун Кошкар-Кыштак айылында дагы бир ушундай окуя болгон. Бейтап оор абалда оорукананын кайра жандандыруу бөлмөсүнө жаткырылган.

Алдын ала териштирүүлөрдүн жыйынтыгында, бейтап “Ассорти” салатын жегендиги аныкталган.

Санитардык текшерүү максатында аталган салат жана туздалган бадыраңдар текшерүү үчүн алынган. Ал эми ошол үйдүн тургундарына изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыкканга чейин ал салаттарды жегенге тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий