• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто дагы 50 орундуу убактылуу күндүзгү стационардык пункт даярдалууда

Аймак 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Ошто дагы 50 орундуу убактылуу күндүзгү стационардык пункт даярдалууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын аймагындагы эпидемиологиялык абалды жөнгө салуу үчүн, шаардагы Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан "Каныкей" ресторанынын ичине коронавирус илдетинен шектелген бейтаптарды кабыл алып, ыкчам текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн 50 орундук убактылуу күндүзгү стационардык пункт даярдалууда.

Бул орундуктар Ош шаардык клиникалык ооруканасы тарабынан 50 даана керебет, 50 даана төшөк (матрац) менен, КРнын ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан жаздык шейшептер менен камсыздалды.

Орундуктарды даярдыкка келтирүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отряды тарабынан атайын жүк ташуучу техникасы, башкармалыктын Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери тартылды.

Пикир

Оставить комментарий