• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто күз-кыш мезгилине даярдык башталды

Аймак 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 5-июнь күнү Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаевдин катышуусунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Ош шаарындагы жылуулук, таза суу, көгүлтүр от менен камсыздоо, жашылдандыруу ишканаларынын жетекчилери, саламаттык сактоо, билим берүү тармактарынын өкүлдөрү жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

“Мындан ары кышта жаралган көйгөйлөрдү чечүү багытын колго алып, берилген тапшырмалардын өз мезгилине бүтүрүп берүү талабы турат. Андыктан таза суу түтүкчөлөрүн оңдоо, жылуулук берүү системаларын жаңыртуу жана тазалоо, электр чубалгыларын алмаштыруу иштери күчөтүлгөн тартипте жүрөт”, - деди Топчубаев.

Мындан тышкары, вице-мэр дебитордук карыздарды чогултуу боюнча шаар тургундарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ар бир тармак бекитилген убакытка чейин күз-кыш мезгилине даярдык көрүү графигин бүтүрүү тапшырмасын берди.

Билим берүү башкармалыгына мектеп жана балдар бакчасында жаралган жарык берүү жана жылуулук менен камсыздоо багытындагы көйгөйлөрдү чечүүгө эки айлык мөөнөт берилди.

Пикир

Оставить комментарий