• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто каракчылык кылган жаш улан-кыздар убактылуу камакка алынды

Аймак 0

Бишкек, 26.12.18. /Кабар/. Ош шаарында бир үйгө кирип, 1500 доллар, кымбат телефонду карактоого шектелип кармалган жаштар убактылуу камакка алынышты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кармалгандардын арасында жашы 18ге жете электер да бар.

“Ош шаардык соту Ош шаарында каракчылык жасаганга шектүү катары кармалган жаш жарандардын баш коргоо чарасын карады. Натыйжада сот 2001, 2003-жылдары туулган 2 кыз, 1 жигитке бир айга, 2000-жылы туулган 1 жигит, 1 кызды эки айга камакка алуу чечимин чыгарды”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 23-декабрь күнү саат 17:30дар чамасында Ош шаарынын А.Масалиев кѳчѳсүндѳгү көп кабаттуу үйлѳрдүн биринде карактоо болгон. Белгисиз бирөөлөр 21 жаштагы кыздын үйүнө кирип, аны бычак менен коркутуп 1500 доллар, 13000 сом акчасын, “Айфон 6” үлгүсүндѳгү уюлдук телефонун, 3500 сомдук курткасын жана башка буюмдарын алып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий