• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто коменданттык саатты бир нече ирет бузган жарандар обсервацияга жаткырыла баштайт – комендант

Аймак 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Ош облусунда коменданттык саатты бир нече ирет бузган жарандар обсервацияга жаткырыла баштайт. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин коменданттык саатта көчөдө жүрүүгө тыюу салынары сөз түрүндө айтылып келген.

"Эми мыйзам чегинде чара көрөбүз. Коменданттык саатты бир нече жолу бузган жана коомдук жайларга тынымсыз каттап жаткандарды биз обсервацияга жаткырабыз. Обсервацияга өзүнүн каражатына жаткырылат. Биз медицина кызматкерлери менен сүйлөштүк, ошондой эле ыкчам топ түздүк", - дейт ал.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 94кө жетет. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий