• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто курамында 7 кишиден турган коменданттык кайгуул кызматы иштеп жатат - Нурдинов

Аймак 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Ошто курамында 7 кишиден турган коменданттык кайгуул кызматы иштеп жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, айрым жерлерде компетенттүү эмес ички иштер органдары же болбосо мамлекеттик кызматкерлери болушу мүмкүн.

"Посттордо топтолуп, карантиндик эрежелерди сактабай жаткандарга чара көрүлөт. Бүгүнкү күндө коменданттык кайгуул кызматы иштеп жатат. Анын курамына прокуратура органы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан жана Ички иштер министрликтен болуп 7 кишиден турган курам иштеп жатат. Карантиндик саатты бузгандарды текшерип турабыз. Мыйзам бузууларга күбө болгон учурда бизге даректерин берип турсаңыздар тиешелүү чара көрөбүз", - дейт комендант.

Нурдинов кошумчалагандай, түндө Ошто коменданттык саат учурунда көчөдө жүргөн 17 жаран кармалды.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий