• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто курулушу 9 жылдан бери токтоп турган мектеп быйыл пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 19.04.24. /Кабар/. Ош шаарында курулушу дээрлик 10 жылдан бери токтоп турган мектеп быйыл окуучуларга эшигин ачат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мектептин "Алымбек Датка" муниципалдык аймактык башкармалыгынын "Ирригатор" участкасында жайгашкан, анын курулушу 2025-жылы башталып, ушул күнгө чейин бүтпөй келет. Окуу имараты 275 орунга ылайыкталган.

Мэр Бакытбек Жетигенов жакында эле курулушу жанданган аталган мектептин курулушу менен жеринде таанышты. Учурда мектептин ичинде шыбак иштери жасалууда. Анда спорттук зал, откана жана эки суу кампасы болуп, керектүү бардык шарттары каралган.

Аталган мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, КР министрлер кабинетинин көзөмөлүндө турат. Билим берүү мекемесин жаңы окуу жылынын карата пайдаланууга берүү болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий